Биз социалдык тармакта

Митингге чыккандар министрдин отставкасын талап кылышууда

Бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин алдында зордук-зомбулукка каршы митинг өтүүдө. Чогулгандар ички иштер министринин кызматтан кетүүсүн талап кылышып, "кетсин" деген ураан менен кыйкырып турушат.

Алардын айтымында, укук коргоо органдары Бурулайдын өлүмүнөн сабак алып, мындай ката кетирбеши керек болчу.

"Милиция өз ишин так аткарбагандан улам Айзада каза боду. Бардык суроолор жоопсуз калып жатат. Эмнеге блогерди бир саатта табышат дагы, уурдалган кызды эки күн табышпайт?! Биз өз кыздарыбыз, карындашыбыз, дегеле келечек үчүн кооптонуп турабыз. Милиция бизди коргойбу же кордойбу? Келечек муунду ким коргойт?", - деген өңдүү пикирлерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан