Биз социалдык тармакта

"Бурулай, Айзада... дагы ким?". ИИМдин алдындагы митингге миңге чукул адам катышууда

Ички иштер министрлигинин алдында зордук-зомбулукка каршы өтүп жаткан митингге миңге чукул адам катышууда.

Алардын басымдуу бөлүгү жарандык активисттер, шаар тургундары жана айрым эл өкүлдөрү.

"Бурулай, Айзада эми кайра кайтып келишпейт, министр отставкага кетсин. Кыздын ата-энесине эмне деп жооп бересиңер? Ар бир жаран жарандык позицияларын билдиргенге укуктуу, аялдарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу үчүн конкреттүү иштер аткарылышы керек", - деп билдирди митингге чыккандардын бири.

Чогулгандар, "уят, кетсин, актанба, министр жооп берсин" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат. Ошондой эле "ала качуу - бул кылмыш" деп ураан чакырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2021-04-08 13:34:22
Мен да колдойм.Аялдар кайра кайра кордолуп жатат,бир да результат болгон жок.Бурулайды да камап беришкен олтур деп.Бул кызды да 2 кунго чейин издешпей олуну катканда табышты.Ур токмок жеген аялдар кун алыс кобойуп жатат.Сабак боло турган жаза колдонулбай жатат.Кайдагы чондорду камактан чыгарыш учун митинг уюштурбай байкуш элдин проблемасын которолу.Кетпесе койсун Марипов бирок жазаны кучотсун.Раз ала качып жапайычылык колдонсо,жазасында жапайычылык жолу менен берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан