Белгилейт кетсек, ушул жылдын 14-мартында депутат Бекешевдин демилгеси менен Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
“Бул токтомго ылайык, өкмөт 2012-2014-жылдарга карата шахматты өнүктүрүү программасын иштеп чыгышы керек эле. Мектептерге шахмат оюндарын үйрөтүүнү киргизүү механизмин сунушташы да белгиленген. Бирок токтомду ишке ашыруу боюнча чара көрүлө элек. Өкмөт ийримдерди ачууга акча жоктугун айтууда. Буга көп акча деле талап кылынбайт. Мисалы, бир машыктыруучунун айлыгы болжол менен 7 миң сомдой болот. Ошол бир машыктыруучуну бир нече мектепке ишке тартууга мүмкүн. Шахматка 1-4 класстар эле үйрөтүлөт. Андан ары бала шахматты улантууну же токтотууну өзү чечет”,- дейт Бекешев.