Вице-спикер Асия Сасыкбаева Кемин районунда шайлоочулар менен жолугушту
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Кемин районунун Орловка шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда карылардын эл аралык күнүнө карата даярдалган атайын белектер тапшырылды. Мындай жардамды уюштурууга Социалдык өнүгүү министрлиги менен "Хьюмен эйпл интернейшнл" уюму жардам көрсөтүптүр. Иш сапардын алкагында Асия Сасыкбаева Орловка шаарчасындагы турмуштун оор сыноосуна кабылган балдардын убактылуу баш калкалоочу борборунда болуп, андагы тарбиялануучулардын абалы менен таанышып чыкты. Кемин шаарчасындагы кызылча кабыл алуучу пункттагы кырдаалды көрүп, депутат андагы кезек күткөн дыйкандардын көйгөйлөрүн да көрдү.