Биз социалдык тармакта

Караколдо көлдүн жээгинен аялдын жансыз денеси табылды

Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаарчасында көлдүн жээгинен аялдын сөөгү табылды. Анын жүрөгү кармап каза болуп калганы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалым болду.

"6-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаарчасынын жергиликтүү тургундары көлдүн жээгинде 1977-жылкы келиндин өлүгүн табышкан. Ал Бишкек шаарынын тургуну болгон. Маалымат-иликтөө журналына катталып, кароо жүргүзгөндө келиндин денесинде эч кандай криминалдык фактылар байкалган эмес.

Соттук-медициналык экспертиза кечээ күнү жүргүзүлдү. Анын алдын ала жыйынтыктары боюнча келиндин жүрөк оорусу кармап калып жерге жатып үшүп калган. Ошондон каза болгон деген жыйынтык чыгып жатат. Экспертизанын толук корутундусу бир айдын ичинде чыгат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulizaa
2021-04-08 19:16:49
Озу ошол жерге барып ушуп олуп калганго е?изилдегилери келбей хм
0
Ozgocho111
2021-04-08 20:18:25
Бир ай тактап алышсын, мумкун бул аялды да чабан коруп калгандыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан