БШКнын 16-октябрда өтчү жыйыны башка күнгө жылдырылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-октябрда саат 15:00дө өтүүчү жыйыны белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйын өтүшү үчүн БШКнын 12 мүчөсүнүн жок дегенде 9у катышуусу керек. Комитеттин төрагасы Туйгунаалы Абдраимов учурда иш сапары менен чет өлкөдө жүрөт. Калган өкүлдөр жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн жерлерде жүрүшсө, дагы бир мүчөсү соттук процесске катышып жүргөнү белгилүү болгон. Буга чейин 10-октябрь күнү да мүчөлөрдүн толук эместигинен жыйын болбой калган эле. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан