Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе каралып жатат.
Вице-спикер Аида Касымалиева: "Айзада Канатбекованын апасына "ачуу басар келет, күйөө балалуу болосуңар" деп ким, кайсы кызматкер айткан?" - деп сурады.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Касымалиева: "Сиздер бир ай тактайсыңарбы? Силердин жумушуңарды журналисттер тактап койду. Силердин жумушуңарды чабан дагы жасап койду. Кызматкердин аты-жөнүн айткыла", - деди.
Министр: "Мен бул маалыматты чогулушта отуруп окудум, такталат", - дейт.