Аксы районунун борбору Кербен шаарынын мэриясы аймактагы социалдык мекемелерди оңдоо үчүн 5 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу мэр Абдымалик Апсаматов билдирди. Анын айтымында, Кербен шаарынын бюджетинен 3,6 миллион сом 9 орто мектептин жана 7 бала бакчанын оңдоо иштерине бөлүнгөн. Учурда аталган мекемелерде иш жүрүп жатат. Мындан сырткары Жетиген айылындагы ФАПтын курулушуна 1,2 миллион сом бөлүндү.