Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов "Дело №" гезитине берген маегинде азыркы өкмөттү алмаштыруу зарыл экенин айтты. Бабанов Бишкектин мэрин да алмаштырбаса болбойт деген пикирде. Ал шаардагы мыйзамсыз жүрүп жаткан курулуштарга токтолду:
"Бишкектин түштүк тарабына автоунаага май куюучу жай курулуп жатат. Буга шаардыктар нааразы, ал эми шаар башчысы бул курулуш ишине өзү мэр болуп келгенге чейин эле уруксат берилип калганын шылтоо кылууда. Бирок мэрдин муну токтотуп коюуга укугу бар, эч болбосо сот аркылуу чекит койсо болот.
Бул май куюучу жай үчүн көчө боюндагы мырза теректерди кыюуга кимдин колу көтөрүлүп жатканын билбейм. Ал көчөдөн ырахаттануу менен өтөсүң. Айтып коёюн, эгер ал жерден бир түп терек кыйылса, "Республика" партиясы митингге чыгат. Бул теректерди кыюуга жол бербейбиз",- деди Бабанов.