Биз социалдык тармакта

"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөө алынды

Бүгүн, 9-апрелде саат 07:00дө "Сосновка" жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унаалардын каттамына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 8-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Учурда чектөөлөр алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан