Тышкы иштер министри Грузиянын Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 16-октябрда Грузиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Зураб Патарадзени кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Эрлан Абдылдаев жаңы элчини кызмат орду менен куттуктап, эки элдин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө салым кошоруна ишеним көрсөтөрүн билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-грузин элдеринин ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий тармактарындагы кызматташууну бекемдөө жолдору талкууланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан