Жаштардын адаттан тыш кортежин чагылдырган видео социалдык тармакка тарап, талкууга алынды. Анда үйлөнүп жаткан жубайлар лимузиндин ордуна жүктөгүч чыгып алышканын көрүүгө болот.
Видеонун автору: "Ак-Жол айыл өкмөтүндөбүз. Көрдүңөрбү? Жаштар азыр чоңдордун машинасын чанып, айылдык эле техникалар менен ЗАГСка бара жатышат", - деп жатканын угууга болот.