Биз социалдык тармакта

"Курбусу менен тиш доктурга барам деп кеткен". Ысык-Көлдө эки күндөн бери изделип жаткан келин Чүйдөн табылды

7-апрелден бери Ысык-көл облусунун Өрнөк айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 23 жаштагы келин бүгүн табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү Кашат айылынын 53 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси ошол эле күнү 23 жаштагы келини саат болжол менен 10:00дө чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголуп жаткан келин Жалал-Абад облусунун Ичке-Сай айылынын тургуну экендиги белгилүү болгон. Ал 27 жаштагы жолдошу менен аталган облустун Өрнөк айылында жашап келген. 7-апрелде ал жолдошунан миң сом алып, Балыкчыга Зарина аттуу курбусу менен стоматологго барам деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Иликтөө иштерин андан ары улантууда жоголуп жаткан келиндин жүргөн жери аныкталган. Ал Чүй облусунун Беловодский айылында жүргөнү белгилүү болгон. Бүгүн, 9-апрелде эртең менен дайынсыз болуп жаткан келин милиция кызматкерлери тарабынан туруктуу жашаган жерине кайтарылды. Учурда райондук милициянын тергөө кызматы сотко чейинки процесстин алкагында кыздын үйдөн чыгып кетүү себептерин аныктоо боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shabi
2021-04-09 14:31:17
Кызыктын баары биздин каналда дегендей,кызыктын баары кыргызстанда болду го
+2
Belek1710
2021-04-09 14:38:04
Беловодскиде эмнесин дарылатыптыр, Көлдө жок бекен доктур, тооба кылдым, кандай келин курбусу менен доктурлап жүргөн!
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-09 14:52:45
Побег из кайнене
+5
munduz2016
2021-04-09 16:41:03
Эмнелер гана болбойт бизде)))
0
gul.1995
2021-04-09 16:55:45
Башка сайттарда эри бар туруп башка эркекке турмушка чыгып кетиптир деп журот
+4
Гүлзина Каныбекова
2021-04-10 21:44:23
gul.1995,Биз такталган гана маалыматтарды жазабыз)
0
gul3ina
2021-04-10 09:55:39
Кечээ Жумгалга күйөгө чыгыптыр дедиңер эле го
0
Гүлзина Каныбекова
2021-04-10 21:43:48
gul3ina,Бизге андай маалымат чыккан эмес. Башка сайттан окусаңыз керек)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан