17-октябрда Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн,17-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Муну "Түндүкэлектрдин" басма сөз кызматы билдирди. Бул күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Лев Толстой, Семетей, Ильменская, Тверская, Месарош, Дэн Сяопин, Сельповская, Корейская, Кайназарова, Абдраев, Шиштөбө, Кемин, Оттук жана башка көчөлөрдө электр жарыгы болбойт. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ленин, Виноградная, Кайырма айылдарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясын берүү чектелет. Өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болот.