Дүйнөдөгү эң узун тырмактардын ээси 28 жылдан кийин аларды кесүүнү чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Хьюстон шаарынын жашоочусу Аянна Уильямс тырмактарын 28 жыл өстүргөн. 2017-жылы "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү Уильямс дүйнөдөгү эң узун тырмактардын ээси экенин айтышкан. Анда алардын жалпы узундугу 5 метр 76 сантиметрге жеткен. Ал тырмактарына кам көрүү үчүн 20 саат убактысын коротчу.
Ал эми 2021-жылы ченегенде алардын жалпы узундугу 7 метр 33 сантиметрге жеткен. Ал эми эң узун тырмагы 70 сантиметрге чейин өскөн.
Аянна Уильямс тырмактарын кесүүгө убакыт келгенин айтып, тырмактарын сагынарын билдирген.