Ыргал Кадыралиева: “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго кошуу керек”

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пул берип гана тим болбой, аларды коомго кошуу керек. Мындай пикирин ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева 16-октябрда Ош шаарындагы "Бүчүр" балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү борборунда билдирди. Эл өкүлү аталган борбордо дарыланып жаткан балдардын ата энелери, борбор жетекчилиги менен ой бөлүшүп, алардын суроо-талаптарын укту.

“Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун башчысы Зайнап Эшмуратованын айтымында, борбордо элүү бала дарыланууда. Андан көбүрөөк бала кабыл алуу үчүн шарт жок.

Иш сапарынын жүрүшүндө Ыргал Кадыралиева Ош шаарындагы айрым мектептерде, ооруканаларда болуп, майыптар үчүн шарт түзүлбөгөнүн көрдү. Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө болгон депутат бул райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө жолукту. Мында ата-энелер балдарга берилип жаткан
жөлөк пул дары-дармекке араң жетип жатканын айтып, жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүүнү эл өкүлүнөн өтүнүштү.

Ошондой эле балдарды метрика менен камсыз кылуу иши жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатканын айтып, “биз балдарга жөлөк пул берип эле тим болбостон, аларды коомго кошуу керек” деди Кадыралиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан