Бишкек шаарында адашып жүргөн жаш кыз табылып, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде болжол менен саат 18:30 чамасында 102 кызматына Ак-Босого жаңы конушунан кичинекей кыз адашып ыйлап жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1966-жылы туулган аял кичинекей кыз адашып ыйлап жүргөндүгүн көрүп, 102 кызматына кабарлаганын билдирген. Кичинекей кыз 2011-жылы туулгандыгы жана аты-жөнү такталып, туугандары табылган. Кичинекей кыздын туугандарын Свердлов РИИБине чакырып, ошол жерден туугандарына сак-саламат өткөрүшүп беришти", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.