Биз социалдык тармакта

Тажик президенти: "Ворух анклавы эч качан алмашылбайт"

Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмон Согдий облусуна болгон иш сапарында Ворух анклавы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Рахмон Ворух анклавы эч качан кыргыз тарап менен алмашылбай турганын айткан.

"Ворух эч качан алмашылбайт. Ал Тажикстандын курамында калат. Мен жергиликтүү тургундарды кыргыз коңшулар менен ынтымакта жашоого чакырам.

Тажик бийлиги кыргыз тарап менен 2002-жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бул аралыкта 100дөн ашык жолугушуулар болуп, 520 чакырым аймак такталды. 19 жылдык сүйлөшүүлөрдө Ворухту башка аймакка алмашуу боюнча сөз болгон эмес, болбойт дагы", - деп билдирген Рахмон.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Тажикстандын бийлигине Ворух анклавы үчүн Баткен тараптан 12 миң гектар жер берип, алмашуу сунушун киргизгенин билдирген. Ташиевдин мындай билдирүүсү Тажикстанда ар кандай кайчы пикирлерди жаратып, көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары Ворухтун аймагын башка аймакка алмашууга каршы экенин жазышкан.

Тажик президенти: "Ворух анклавы эч качан алмашылбайт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Shabi
2021-04-09 19:31:21
Маселени точкасы менен кошо чечиш керек.чала чечилген маселени чечилди деп кокурок каккылабай
+3
Azat-123
2021-04-09 20:15:08
Shabi,маселени сен барып чечип келда, көкүрөк каккандардын сөзүн бурмалабай!
-2
Shabi
2021-04-09 20:48:25
Azat-123,маселени чеччу мен эмес,ошол силер ишенген камчы,ошого айт чечсе чечсин,чече албаса кыйын болбосун
0
Azat-123
2021-04-09 21:19:24
Shabi,Өзбекстан менен чек-ара маселесин толук чечтик деп кыйраткан үчүн көкүрөк каккылады, Тажикстан чек-арасы боюнча көкүрөк каккылай элек, эгер чечилсе ага дагы сүйнбөйсүң, себеби сен өз өлкөңдүн алдыга жылышын каалабаган жана батыштын акчасына сатылган түшүнүксүз пендесиң
+1
Flowhive
2021-04-09 21:27:33
Azat-123,сага сүйлөгөндү ким койду,
+3
al-abu-kinesz
2021-04-09 21:42:27
Flowhive, а сага ким койду?
-4
Shabi
2021-04-09 22:00:48
Flowhive,батыштын акчасына кызыгат экенимди сенден угуп жатам, фантазиян катуукен.молодец,сен дагы популист болсон жыргатчудайсын.
0
Azat-123
2021-04-09 23:03:28
Shabi,эмне чычалайсың, кызыгат экениңди бүгүн менден угуп жатсаң эртеге башкасынан угасыңда, анын эмнеси бар экен
-3
Shabi
2021-04-10 00:02:22
Azat-123,бээ десе тоо дейсин го сен,доорубочу.
-3
Agayu
2021-04-09 19:44:37
Мына ынтымагы бар элдин Президентти да кучтуу болот .Ылдыйда жатып алып бетке соккондой суйлоптур .А биз бири бирибизди жэп журо берейлик
+6
Nur777
2021-04-09 19:57:09
Эмомали не вечный)))) бир куну кетет да бул диктатор,ошондо суйлошуп алабыз нормальный бироо келсе)))
+4
Asyl.jazi
2021-04-09 22:09:00
И.Каримов убагында дагы чек ара маселеси чечилген эмес. Эмомалини дагы кутобуз насип кылса
+1
Muzik
2021-04-10 02:50:39
Ворухту алмашпай жон эле алабыз,тажиктерди ворухтан чыгарбай, тажикстандын тажиктерин ворух жака киргизбе контрольду ото кучтотуп салыш керек, ошондо ворухтун тажиктери оздору эле уйлорун тыштап чыгып кетишет.
+3
Mister-XXX
2021-04-10 03:38:59
Muzik,Туура,ушундай кадамга барыш керек.Башка айла жок.
+1
zam81
2021-04-10 10:25:12
Кытай кылым откон жерин тажиктен талашып жатат биздики союз учурунда арендага Берген жерин алалбай жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан