Ош. Кримчөйрө өкүлүнүн ысымын туугандары көчөгө ыйгарып алышып, ОИИБи буга чара көрдү

Ошто кримчөйрөнүн өкүлү Айбек Нарматовдун ысымын туугандары көчөгө ыйгарып алышып, Ош ОИИБи буга чара көрдү. Муну бүгүн, 17-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Окуя тууралуу:

2013-жылдын 16-августунда Кара-Суу районунун Төлөйкөн аймактык кеңешине Кыргызстан айылынын 20дай жашоочусунун колу коюлган арыз түшкөн. Арызга кол койгондор өздөрү жашаган көчөгө Айбек Нарматовдун ысмын ыйгаруу сунушун билдиришиптир. Арызды караган айылдык кеңештин депутаттары көчөгө аты бериле турган адам боюнча кеңири таанышып чыгуу үчүн маселени кароону башка күнгө жылдырышкан. Бирок 14-октябрда Айбек Нарматовдун туугандары өздөрү жашаган көчөнү аталган жарандын ысымынан атап, даректер жазылган көрнөктөрдү илип алышкан. Учурда көрнөктөр алынып салынды. Бул факты боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканын Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан