Биз социалдык тармакта

7-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө

Бишкекте 7-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө кызды табууга көмөк көрсөтүүнү суранып анын апасы арыз менен кайрылды. Айбийке 7-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгилери:

Бою 145-150 сантиметр, толмоч дене түзүлүштө. Чачы сары, узун. Учтары түзсүздөндүрүлгөн. Көзү жашыл түстө.

Кийген кийимдери:

Кара түстөгү жазгы күрмө, кара шым, кара туфли. Рюкзак асынган.

Айбийке Мамбеталиеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар болсо төмөндөгү телефондор аркылуу байланышка чыгып, кабарлап коюуну милиция өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-880, 0(703) 401-600, ( 707) 304-753 и 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gul3ina
2021-04-11 01:15:59
Эмне деген жоопкерчиликсиз адамсыңар.Үйдөгүлөр сарсанаа болот деп ойлобойсуңарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан