Орусияда ата-энесиз калган үч бала Кыргызстанга алынып келинет
Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери Москвага ата-энесиз калган үч
баланы Кыргызстанга алып келүү үчүн кетишти. Бул тууралуу 17-октябрда аталган
министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Балдар Кыргызстанга келгенде
туугандарына берилет же мамлекеттик жатак үйлөргө жайгаштырылат. Кошумчалай кетсек, 2011-2012-жылдары Орусиядан
Кыргызстанга ата-энесиз калган 24 бала алынып келинген.