Ош облусунун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында кар көчкү алдында калган 14 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баланын сөөгү бүгүн, 10-апрелде эртең мененки саат 09:20да кар көчкү алдынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.
6-апрелде аталган айылдын жергиликтүү 80дей тургуну ӨКМнын кызматкерлери менен бирге издөө иштерин жүргүзүп жатышканын SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирген.
7-апрель күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай районунун бөлүм башчысы, ИИМдин 2 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 60 адам, ӨКМнын ӨКЧК түштүк борборунан 1 экскаватор тартылып, саат 17:55те издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.
9-апрель күнү издөө иштери улантылган.