Ош шаарындагы "Кызматташтык борборунун" кызматкерлери мэрия өкүлдөрү, "Адам укугу жана демократия" борборунун адистери менен биргеликте жыйын өткөрүштү. Мэриянын Экономика, каржы жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиевдин айтымында, аталган борбор шаардыктар менен жергиликтүү бийликтин мамилесин чыңдоо максатында түзүлгөн. Долбоор 6 айга пландалып, ушул жылдын ноябрь айында аяктоо алдында турат. “Мындан ары аталган долбоор жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда улантылат”,- дейт Тойчиев. Айта кетсек, аталган борбор шаардыктарга муниципалдык иштер боюнча кеп-кеңештерди берип келет.