Ош облусунда 16-октябрда “Издөө” аттуу рейд жүрдү. Рейддин жүрүшүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 12 жаран кармалды. Ошондой эле бул күнү облус аймагында 17 коомдук тартипти бузуу фактысы катталды. Жол эрежесин бузган 5 айдоочуга чара көрүлгөнүн Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлайт.