Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милицияга кыздын апасы кайрылган. Анда ал кызы 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Дайынсыз болуп жаткан Феруза Сыдыкованын өзгөчө белгилери: Бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун.
Кийген кийимдери: Үстүндө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында сокур ичеги алгандан кийинки тырыгы бар.
Ферузаны көргөн, билгендер болсо 0553 10-23-87, 0557 11-94-10, 0702 49-88-88, 0709 33-24-63 жана 102 номерине кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.