Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга жооп": "Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи үзүлүп, жолду тосуп калгандыктан убактылуу жол жабылды" дешти тийиштүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашууда тыгын жаралганын айтып, унаалар токтоп турганын билдирген.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, төмөндөгүлөрдү билдиришти.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 126-чакырымда (Төө-Ашуу ашуусу) Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи үзүлүп жолду тосуп калган. Учурда унаанын чиркегичин тартып чыгаруу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабынан жана Бишкек-Ош унаа жолунун 124-чакырымынан унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган. Чиркегичти жолдун четине чыгаруу үчүн жерине 129-чакырымда нөөмөттө турган ӨКМнын Урал унаасы менен 2 куткаруучу жана №9 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Мындан сырткары ӨКМнын Чүй облусунун Жайыл районунан ыкчам топ тартылган.

Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан