Ысык-Көл. Учурда 1 килограмм көмүр 4,5 сомдон сатылууда

Ысык-Көл облусунда быйыл көмүрдүн баасы былтыркыдан кымбат болбойт, учурда баа бир калыпта сакталып турат. Муну Ысык-Көл облустук Экономика жана монополияга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Улан Мурадылов билдирди. Анын айтымында, учурда Казакстандан алынып келинген көмүрдүн бир тоннасы 4500 сомдон болсо, Нарын облусунан алынып келинген көмүрдүн 1 тоннасы 4200 сомдон сатылууда. "Быйыл көмүрдүн баасы кымбаттабайт. Учурда 1 килограмм көмүрдүн баасы 4 сом 50 тыйын болууда",- дейт Мурадылов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан