Биз социалдык тармакта

Белгиси бар бет кап тагынган шайлоочулар боюнча ички иштер органдарына кат жөнөтүлдү

Буга чейин Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бирине шайлоочулар белгиси бар бет кап тагынып келишкени маалымдалган.

Бул маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы Ош шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расул Кадыров менен байланышты.

Атайын өкүлдүн айтымында, бул ишти кошумча иликтөө үчүн ички иштер органдарына кат жөнөтүлгөн.

"Бизге ушул маалымат түшүп, аталган тилкеге барып, биздин кызматкерлер текшерип келишти. Текшерүү учурунда шайлоочулардын белгиси бар бет кап менен келгени аныкталган жок. Бирок ага карабай, БШК чечим кабыл алды.

Анда аталган шайлоо тилкесинде белгиси бар бет кап менен келген шайлоочулар көзөмөлгө алынып жатат. Азыркы тапта ал жердеги жарандар БШК тарабынан берилген бет кап менен гана кирип шайлап жатышат. Мындан сырткары бул ишти кошумча иликтөө үчүн ички иштер органдарына кат жөнөтүлдү", - деди Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suior85
2021-04-11 12:33:37
Озу бизге чала болот кичине акчага алданып уялбайсынарбы келечегинерди сатып атасынарго ошол акчага кантип балдарынарга бир нерсе алып бересинер
+1
XATSAN125
2021-04-11 12:51:57
Камаш керек ошол адамдарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан