Бишкек шаарында адашып кеткен бала табылып, ата-энесине жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде болжол менен саат 11:30 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө 1991-жылы туулган айым базарга келип, 3 жаштагы баласын жоготуп алганын билдирген.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аз убакыттын ичинде адашып кеткен бала табылган. Уулунун табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.