Биз социалдык тармакта

Бишкекте күн ачык болот. 12-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.


Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +17…+22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +13…+18 градус жылыйт.

12-апрелде Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан