Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. Шаардык милиция күчөтүлгөн режимде коомдук коопсуздукту жана укук коргоо органдарын камсыздоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашуун милиция кызматкерлери камсыз кылышууда.
Бишкекте учурда абал тынч, шайлоо тилкелери кадимки режимде иштеп жатат.