Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 15-октябрда "Мекеним менин – Кыргызстан" аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Акциянын алкагында бир нече мал союлуп, эти Жалал-Абад шаарындагы жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө, ата-энесиз балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана карылар үйлөрүнө таратылып берилди. ОИИБ мындай кайрымдуулук иштери мындан ары да улантыла турганын билдирет.