Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум болуп өттү.
Вице-премьер-министр Улукбек Карымшаков брифингде алдын ала маалыматтар боюнча өлкөдө референдумду өттү деп билдирди.
“Жалпысынан техникалык маселелер боюнча кайрылуулар болуп жатты. Алдын ала маалыматтар боюнча жалпы шайлоого келип катышкан шайлоочулардын саны 30 пайыздан ашты десек жаңылыштык болбойт. Демек, бул да болсо референдумду өттү дегенди билдирет”, - дейт Карымшаков.