Кечээ, 11-апрель күнү саат 18:42де Ош облусунда, Кыргыз-Кытай чек арасында очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 21 чакырым түштүк-батыш жана Икизяк айылынан 25 чакырым түштүк тарапта байкалган. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Нура жана Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.