Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев БАЭнин КРдагы элчисин кабыл алды
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бириккен Араб Эмираттарынын
Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Аль-Мехайрибини кабыл алды. Кыргызстан БАЭ менен ар
тараптуу кызматташууга даяр экендигин белгилеп премьер-министр: “Кыргызстанда
айыл чарба, туризм, өнөр жай, энергетика, транспорт жана коммуникация тармагына
инвестицияны тартууга бардык шарттар түзүлгөн. БАЭ менен эркин экономикалык жагдайды
түзүүгө кызыкдарбыз”,- деди. Мохаммед Аль-Мехайриби эки тараптык
кызматташуунун бекемделишине бардык аракеттер жасалышын белгиледи. “Жакынкы
күндөрдө Кыргызстанга БАЭден ишкерлердин делегациясы келет. Алар ишке ашырууга
мүмкүн болгон долбоорлор менен таанышып кетишет. Өлкөдө либералдык мыйзам жана
эркин экономика экенин билебиз. Республикада туруктуулуктун болгону маанилүү”,-
деди элчи.