Биз социалдык тармакта

Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм февраль айынан бери изделүүдө

Чүй облусунун Панфилов районунда 15 жаштагы Адилет Данияров аттуу өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 20-февраль күнү аталган аймактын Кум-Арык айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин кайтып келе элек.

Кийген кийими: үстүндө кара түстөгү күрмө, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Белгилери: бою 165 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң. Башынын оң жагында чоң эмес тырык бар.

Эгерде кимде ким сүрөттөгү баланы көргөн, билген болсо, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: +996 755 074 720, +996 555 230 490.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан