Бүгүн, 17-октябрда Ош шаардык мэриясында жыйын болуп өттү. Анда шаардагы санитардык тазалык, тротуарларды оңдоп-түзөө иштери жана башка социалдык маселелер талкууланды. Шаар башчы Мелис Мырзакматов 1-декабрга чейин шаардын “Дача” аймагынан жер алуу үчүн кезекте тургандарга жер тилкесин бөлүштүрүп берүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.