Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эм төрөтканадан чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоков төрөтканага барып, наристелердин абалынан кабар алды. Калаа башчы үч эмдин жакындары менен жолугуп, энеси Гүлнара Бүркүтовага резервдик фонддон 15 миң сом акча каражатын тапшырды.
Аны менен катар үч эмге үй берүү маселеси да көтөрүлдү. Эрнисбек Ормоков жалгыз бой эненин жаңы төрөлгөн наристелерине батир берүүнү шаардык кеңештин депутаттарына сунуштай турганын билдирди. Эл өкүлдөрү сунушту колдоп берсе бөбөктөргө үй берилет.
Эскерте кетсек, 31-март күнү облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келген. Аларга Аделина, Адилет, Аделя деп ысым ыйгарышкан.