Бишкек мэри: "Уруксат берилбеген жерге токтотулган унааларга эвакуациялоо ыкмасын колдонуш керек"
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардагы
унаа кыймылын жөнгө салуу боюнча шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаевге тапшырма берди. Муну бүгүн, 17-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан
маалымдашты. “Көчөлөрдү качан тартипке келтиребиз? Аялдамаларда таксилер эки
катар болуп токтоп турушат. Кичи автобустар жүргүнчү алуу үчүн каалаган жерге токтошот. Унаалар тыюу салынган
жерге токтотулса, аларды эвакуациялоо ыкмасын колдонуу керек”,- деди мэр. Мелис Турганбаев көйгөй боюнча иш жүрүп жатканын айтып, талапка жооп бербеген 1000дей кичи автобус айып аянтчасына токтотулганын айтты.