Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, Кубанычбек Жумалиевге каршы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынган.

"Бүгүнкү күндө Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди.
Буга байланыштуу тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен 2021-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата сырт жакка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ooki8888
2021-04-12 20:38:36
Сыймык Жапыкеев агабызга Рахмат!!! Бул кишинин эмгеги абдан чон!!! Миллиард бюджетке тушуруш оной иш эмес!!!!!
+3
Baatirbek81
2021-04-12 20:41:17
Акчаны былчыйта берип туруп чыкса керек!
+5
nazira...
2021-04-13 04:26:55
Эмне өлөрчө жылдап жеп, анан какой то процентин бир,эки айдын ичинде төлөп койсо боло берет экен да, чыгарып коюшат экен. Каарыганын ойлобой жеп келип, эми түрмөгө.түшкөндө билип атыптырбы каарыганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан