Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында убактылуу таза суу берилбейт

Эртең Гагарин жана Түштүк-Батыш суу тосмолорунда жана шаардык суу түтүктөр тармагын жаз-жай мезгилине карата оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин кээ бир аймактарында убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эртең, 13-апрелде саат 9:00дөн баштап 22:00гө чейин Юнусалиев көчөсү менен чектелген Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту аймактарында жана Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн ылдый) конуштарында таза суу убактылуу берилбейт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан