
Эртең, 13-апрелде Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Өзгөн районунун Мырза-Аке, Алтын-Булак, Дөң-Булак айыл өкмөттөрү, Өзгөн шаары;
* Кызыл-Кыя шаарынын 1 кичи район, Асаналиев, Молодежный, Гагарин, Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы, Спортивная, Кулатов, Жусубалиев, Заводской, Кыргызстан, 8-Март, Южный переулок, Токтогул, Кольцевая, Маяковский, Чехов, Султанов, Строительная, Горький, 13 кичи район, Шопоков көчөлөрү;
* Ош шаарынын Касымбеков, Салиева, Раззаков, Авиценна, Моторная, Маматсаков, Артыков, Жийделик көчөлөрү;
* Араван районунун Керме-Тоо, Анаров айыл өкмөттөрү;
* Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылы;
* Кадамжай районунун Алга, Халмион айыл өкмөттөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт!