Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирине 1813 нуска китеп тапшырылды

Жалал-Абад шаарындагы Бабкин мектебине 1813 нускадагы окуу китептеринин топтому жана мугалимдер үчүн педагогикалык окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, китептерди жана окуу куралдарын Орусиянын Оштогу илим жана маданият борборунун өкүлдөрү тапшырышты.

"Вице-мэр Руслан Алтымышев окуу китептеринин топтому үчүн ыраазычылык билдирди. Бул окуучуларды жаңы китептер менен камсыз кылууга салым кошот. Күз айларында шаардагы башка мектептерге да китептер алып келинет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан