Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин 2 депутатын кол тийбестиктен ажыратууга макул болбоду
Башкы прокуратура талап-тоноочулукка айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары боюнча кылмыш ишин жаңылоодон баш тартты. Муну бүгүн, 17-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров депутаттар Райкан Төлөгөнов
менен Туратбек Мадылбековго козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча токтомду
жокко чыгарып, депутаттарды кол тийбестик укугунан ажыратууну суранып жаткан. 2013-жылдын январь айында тергөө тобунун мурдагы жетекчиси Кубатбек
Ноорузбаев жогорудагы депутаттардин иши боюнча далилдин жетишсиздигине байланыштуу кылмыш ишин токтоткон эле. 16-октябрда Башкы
прокуратура бул иш боюнча конкреттүү далилдер жоктугун айтты.