А.Батукаевдин бошотулушуна күнөөлүүлөр иштен алынбаса, күч түзүмдөрүнүн ардагерлери өкмөткө каршы митингге чыгышат

Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн ардагерлери эгер "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна күнөөлүү аткаминерлер кызматтан алынбаса, өкмөткө каршы митингге чыга тургандыктарын айтышты. Алар бүгүн, 17-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Мурдагы укук коргоо кызматкерлери Батукаевдин бошотулушу боюнча Жогорку Кеңеш 5 ай мурун токтом кабыл алганын, токтомдо кримавторитеттин бошотулушуна күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу каралганы менен эч ким жооп бере электигин айтышты. Милициянын отставкадагы полковниги Урмамбет Мамбетов: "Биз ички иштер министри Абдулда Суранчиевди, анын орун басары Фурхат Үсөновду, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди жана башка жооптуу кызматкерлерди иштен бошотууну талап кылабыз",- деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан