Биз социалдык тармакта

Бүгүн Токтогул суу сактагычына суунун агып келгени дагы, чыкканы дагы бирдей болду

Бүгүн, 13-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун агып келгени дагы, агып чыкканы дагы бирдей болууда. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 13-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 569 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 213 метр куб, агып чыгышы 213 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 12-апрелде суу сактагычка суунун агып келгени чыкканынан көп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulukbaiyshov
2021-04-13 09:52:01
Кечээ эле чыкканынан киргени көп болуп жатат деп жазып жаттынар беле, шумдугуң кургур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан