Бишкекке жылуулук 1-ноябрдан тарта берилип баштайт
Бишкекте жылуулук берүү сезонун баштоо 1-ноябрга белгиленип жатканын мэр Иса Өмүркулов мэриядагы жыйналышта айтты. Шаар башчысы Бишкек ЖЭБи, "Бишкек жылуулук тармагы" жана башка ишканалар, от казандар кышка толук даяр экенин билдирди. Биринчи кезекте билим берүү, социалдык коргоо жана медицина тармагындагы мекемелерди жылуулоо башталат.