12-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
"Жолугушуунун соңунда элчи Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү мурдагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын дипломатиялык миссиясы аяктаганы белгилүү болгон.