Биз социалдык тармакта

143 тонна алюминий. Колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлери аукционго коюлат

"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аукционго жалпы салмагы 143 280 килограмм болгон алюминий сыныктары коюлат.

Товардын баштапкы баасы өзү алып кетүү шарты менен 1 килограммы 65 сомду түзөт.

Аукцион жарыяланган 4-марттан бери аукционго катышуу үчүн 2 юридикалык жактардан арыз келип түшкөн.

Аукцион 14-апрелде өтүп, түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ere
2021-04-13 11:56:28
Темир сатпаган силер эле калдынар эле озу
+1
mirlan2084
2021-04-13 13:50:34
Аукцинго катышкандар жалаң өзүлөрүнүн адамдары болсо керек баштапкы баасы 65сомдон дейт азыр Бишкекте чоң темир алган жайларда 100сом болуп атса булар эмне үчүн коомго жарыя кылган эмес мисал үчүн мен билгенде катышмакмын Аукционго мына коррупция каякта жатат С.Жапаров
0
aslan_akjol89
2021-04-14 13:02:28
080 деген номер болсо мен алам кг 200сомго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан