Бразилиянын Энкантадо шаарында курулуп жаткан Христостун жаңы айкели Рио-де-Жанейродогу белгилүү Иса куткаруучунун айкелинен узунураак болот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айкелдин бийиктиги 43 метрди түзгөн. Ошону менен Индонезиядагы (52.55 метр) жана Польшадагы (52.5 метр) эстеликтерден кийинки, дүйнөдөгү 3-бийик Иса пайгамбардын айкели болмокчу. Айкелдин ичинде туристтер үчүн 40 метр бийиктиктеги байкоочу палубага алып бара турган лифт бар.
Апрелдин башында айкелге колдору жана баштары бекитилген.